YouTube платформасы монетизация шарттарын кайра карап чыгып, көрүүлөрдүн минималдык санын эки эсе көбөйттү. Ал эми жаңы талаптар 2027-жылдын 1-февралынан тартып күчкө кирет.
Азыркы учурда, монетизацияга жетүү үчүн канал 1000 жазылуучу жана жыл ичинде 4000 сааттык видео көрүүлөрү же 90 күн ичинде 10 миллион Shorts роликтеринин көрүүлөрүнө ээ болушу керек.
Бирок жаңы талаптарга ылайык, жылдык видео көрүүлөрдүн саны 8000 саатка жетиши, ал эми 90 күндүк Shorts роликтеринин көрүүлөрү 20 миллионго чыкканы талап кылынат.
Мындан тышкары, YouTube кыска роликтерден түшкөн жарнама жана Premium жазылуу төлөмдөрүн бөлүштүрүүнү өзгөртөт. 1-февралдан кийин бул мүмкүнчүлүктү 90 күн ичинде 10 миллиондон кем эмес көрүүлөргө жеткен каналдар гана алышат.
Эгерде канал көрүүлөрдүн талап кылынган санына жетпей калса, ал программада кала берет, бирок акча табуу мүмкүнчүлүгү узак видеолордон гана болот.
Автомторду колдоо максатында YouTube Premium Lite жазылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Азыр ал Premium жеткиликтүү бардык өлкөлөрдө иштейт жана авторлор жазылуу төлөмдөрүнөн көрүү убактысы жана санына жараша пайданын бир бөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк алышат.










