Жогорку Кенештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдардын иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алды.

Бул макулдашуу 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары Кыргызстанда жана Өзбекстанда иштеген мезгилдерди камсыздандыруу стажы катары эсептете алышат. Эгерде бир өлкөдө иштеген стаж пенсия алуу үчүн жетишсиз болсо, ал экинчи өлкөдөгү иш мезгилдери менен толукталат. Бирок, убактысы дал келген иш мезгилдери кошулбайт.

Ар бир мамлекет пенсияны өзүнүн мыйзамдарына ылайык дайындайт жана төлөйт. Төлөмдөрдүн өлчөмү пенсияны дайындаган мамлекеттин аймагында алынган айлык акыны жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу менен эсептелет.

Пенсиялык камсыздандыруу төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • жаш курагы боюнча пенсия
  • инвалиддиги үчүн пенсия
  • жакын тууганын жоготкондук үчүн пенсия
  • пенсиялык топтоолор
  • көмүүгө берилүүчү жөлөкпул

Ошондой эле, жарандар пенсияны кайсы өлкөдө жашап жатышканан карабастан алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Төлөмдөр жеткирүү чыгымдарын кармабастан жүргүзүлөт. Бирок, мыйзам боюнча ошол өлкөдө туруктуу жашаганды талап кылган төлөмдөр бул эрежеден өзгөчө бөлүнүп турат.