Кыргызстандын Кинематография департаментинин Художествалык-эксперттик кеңешинин мүчөсү Улугбек Ракунов эл аралык ШОС кинофестивалынын маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүштү.
Ал кинофестиваль жөн гана тасмаларды көрсөткөн аянтча эмес, маданият аркылуу мамлекеттер аралык кызматташууну күчөтүүчү көпүрө болсо керек деп эсептейт.
Ракуновдун айтымында, Шанхай кызматташтык уюму экономикалык жана политикалык мамилелерден сырткары маданият менен биригип, элдерге жакын болууга шарт түзөт.
Ошондой эле, ШОС кинофестивалына катышкан ар кыл өлкөлөрдүн кинематографиясы фестивалды өзгөчө кылаарын, Кытай, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тасмалары бай тажрыйба жана маданият көпүрөсү экенин белгиледи.
Ал мындай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө умут артат.











