Борбордун маалыматы боюнча, инсульт — дүйнө жүзү боюнча өлүмгө жана майыптыкка алып келүүчү негизги себептердин бири. Бул мээ кан айлануусунун курч бузулушу, кан тамырлардын бүтөлүшү же жарылышы менен шартталат.
Инсульттун эки түрү бар: ишемиялык — мээ кан тамырларынын тромб же спазм менен бүтөлүшү, жана геморрагиялык — кан тамырлардын жарылышынан мээге кан куюлушу.
Инсульт бут-колдун шал болушуна, сүйлөөнүн, көрүүнүн, эс тутумдун, кыймыл координациясынын бузулушуна, майыптыкка, оор учурларда өлүмгө алып келет.
Инсульттун негизги себептерине артериялык гипертензия, атеросклероз, жүрөк оорулары жана кант диабети кирет. Борбор баса белгилегендей, инсульт коркунучу кан басымдын жогорулашы, ашыкча салмак, аз кыймылдуулук, тамеки чегүү, алкоголду көп колдонуу, эмоциялык чыңалуу жана стресс сыяктуу факторлордон улам күчөйт.
Инсульттун негизги белгилери
Инсульт үйдө, жумушта же көчөдө капыстан болушу мүмкүн. Ошондуктан төмөнкү белгилердин бири же бир нечеси күтүлбөгөн жерден пайда болсо, ар бир адам сак болушу керек:
- Бут-колдун алсыздыгы же уюшу
- Беттин асимметриясы (жарым бети шал болуп калышы)
- Сүйлөөнүн бузулушу (так эмес сүйлөө же түшүнө албоо)
- Капыстан катуу баш оору
- Көрүүнүн начарлашы, көздүн кош көрүнүшү
- Баш айлануу, тең салмактуулуктун жана координациянын бузулушу
Биринчи жардам
Эгерде инсульттун белгилери байкалса, дароо тез жардам чакыруу зарыл. Тез жардам келгенге чейин бейтапты жаткырып, дем алуусун жеңилдетүү керек, тар кийимдерин бошотуп, тынчтыкты камсыз кылуу зарыл. Эч кандай дары берүү сунушталбайт.
Инсульт канчалык эрте аныкталып, дарылоо башталса, ошончолук жакшы натыйжа берерин эске салат адистер.
Инсультту алдын алуу үчүн кан басымды көзөмөлдөө, туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү сактоо, тамеки чегүүнү таштоо, алкоголду чектөө жана стрессти азайтуу сунушталат.
















