29-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүү күнү. Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун адистери инсульттун белгилерин эскертишти.

Инсульт деген эмне?

Инсульт — мээ кан тамырларынын бүтөлүшү же жарылышынан улам кан айлануунун курч бузулушу. Анын кесепетинен бут-кол шал болуп, сүйлөө, көрүү, эс тутум, кыймыл аракеттери бузулат, оор учурда өлүмгө алып келет.

Жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, кыйынчылыктар ошончолук аз болот. Алгачкы белгилер пайда болгондон кийинки 3–4 сааттын ичинде жардам көрсөтүү эң натыйжалуу.

У.Д.А.Р. — төрт кадам

У — Жылмаюу

Адамдан жылмаюусун сураныңыз. Эгер жылмаюусу кыйшык болуп, бети асимметриялуу көрүнсө, бул инсульттун белгиси болушу мүмкүн.

Д — Кыймыл

Эки колун тең көтөрүүсүн өтүнүңүз. Бир колу көтөрүлбөй, ылдый түшүп же алсырап калса, бул да инсульттун белгиси.

А — Артикуляция

Жөнөкөй сүйлөмдү кайталоосун сураныңыз. Сөзү так эмес, сүйлөмдү кайталай албай же айтылган сөздү түшүнбөй жатса, бул инсульттун мүмкүн болгон белгиси.

Р — Чечим

Убакытты текке кетирбеңиз! Дароо «103» номерине чалыңыз. Кызмат сутка бою иштейт. Диспетчерге «инсульт деген шек бар» деп айтыңыз. Дарегиңизди, эмне болгонун, байкалган белгилерди жана адам акыркы жолу качан белгисиз абалда болгонун так айтыңыз.

Врач келгенге чейин эмне кылуу керек?

  • Адамды тегиз жерге жаткырыңыз. Башын 30° көтөрүп, астына жаздык же кийимден жасалган түрмөк коюңуз.
  • Таза аба киргизүү үчүн терезе, эшиктерди ачып, жакасын чечип, мойнун бошотуңуз.