Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Финансы полициясынын мурдагы башчысы, 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышууну пландап жаткан Сыймык Жапыкеевдин бийликтин дарегине айткан кескин сынына жооп берди.

Биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз, шайлоо процесси башталды. Ошондуктан ар кандай пикирлер жана сындар айтылат. Талапкерлер өз позициясын ар кандай формада жана ар кандай эмоция менен билдире алышат. Бул кадимки көрүнүш.
Аскат Алагозов, президенттин басма сөз катчысы

Аскат Алагозовдун айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана жарандар өлкө жетекчилигин ачык сындай алышат. Ошол эле учурда мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыктарга жана аларды уюштурууга чакырыктарга жол берилбейт.

Ал Сыймык Жапыкеев дагы, Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу эле, өз пикирин билдирүүгө толук укуктуу экенин баса белгиледи.

Биз мунун эч кандай көйгөйүн көрбөйбүз. Шайлоочулар дагы көп пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды жана ушактарды угат. Кимге ишенүүнү жана кимди колдоону эл шайлоо урнасынын жанында чечет.
Аскат Алагозов, президенттин басма сөз катчысы

Сындын себеби

Комментарийге 2-ноябрда жарыяланган Сыймык Жапыкеевдин журналист Эрнис Кыязовго берген маеги түрткү болду. 1 саат 40 мүнөткө созулган маекте Финансы полициясынын мурдагы башчысы президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап, калктын социалдык-экономикалык абалы начарлаганын билдирди.

Жапыкеевдин пикири боюнча, кыргызстандыктар баалардын өсүшү, кредиттик карыздар жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү менен кезигип жатышат.

Калктын 90 пайызы банктардан жабыр тартууда. Баары карызга баткан. Эл даттанып жатат...
Сыймык Жапыкеев, Финансы полициясынын мурдагы башчысы