Борбордук Азиянын мамлекеттери электр энергиясын сатуу жана сатып алуу үчүн бирдиктүү платформаны түзүү процессин баштоодо. Бул багытта Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан биргелешип иш алып барышууда.
«Энергия» координациялык-диспетчердик борбору соода аянтчасын түзүүчү жана аны баштапкы этапта башкара турган компанияны тандоо жарыялады. Кызыкдар болгон уюмдардан билдирмелер 30-ноябрга чейин кабыл алынат.
Тандалган компания соода эрежелерин, баа түзүү системасын жана электр энергиясын сатып алуу-сатуу үчүн электрондук платформаны иштеп чыгуу керек болот. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Рынок «бир суткага алдын ала» деген принцип менен иштейт. Бул система катышуучуларга кийинки күндүн белгилүү бир сааттары үчүн жеткиликтүү ресурстар боюнча алдын ала макулдашуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мисалы, эгерде Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги жаралса, аны кошуна мамлекеттен сатып алууга, ал эми ашыкча энергияны сатууга жол ачылат.
- 2027-жылдын майы
Иштерди баштоонун болжолдуу мөөнөтү
- 18 ай
Системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мөөнөтү
- 2028-жылдын аягы — 2029-жылдын башы
Биринчи келишимдердин түзүлүшү мүмкүн болгон убакыт










