Дүйнөлүк үч лидердин — Владимир Путиндин, Си Цзиньпинддин жана Дональд Трамптын жолугушуусу глобалдык саясатта жаңы барак ачышы мүмкүн. Бул окуянын Кыргызстанга жана Борбордук Азияга болгон таасири тууралуу саясатчы жана кытай таануучу Айболот Айдосов Nomad ТВ каналына берген маегинде өз пикирин бөлүштүрдү.

Айдосов БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон мамлекеттердин уюмду реформалоо боюнча чакырыгын колдоду. Анын айтымында, бул кадам уюмдун легитимдүүлүгүн, статусун жана күчүн кайтарып берет.

Бул абдан туура жана өз убагында жасалган аракет, анткени: ядролук согуштан кийин эч нерсе калбайт деген сөз бар.
Айболот Айдосов

Эксперт ядролук куралдарды колдонууну тыюу салуу боюнча демилгени да оң баалады. Ал үч мамлекеттин жакын турушу Борбордук Азиянын экономикасына кандай таасир этери тууралуу так жооп берген жок. Мурда бул мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылык аймактын өнүгүүсүнө шарт түзгөн, себеби өлкөлөрдүн ар кандай тараптар менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Бирок лидерлердин жакын турушу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келиши мүмкүн. Анын айтымында, өлкөлөр Европа союзунун экономикага терс таасирин тийгизген санкцияларынан чыгууга жана жаңы логистикалык менен соода мүмкүнчүлүктөрүн табууга мүмкүнчүлүк алышат.