Нарын облусунун Ак-Тала районундагы Кара-Бүргөн районуна караштуу Жаңы-Тилек айыл аймагында Мыкаачы-Суу дарыясынын үстүнөн жаңы көпүрө курулууда. Бул курулуш айылдын төмөнкү бөлүгүндөгү тургундардын жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.

Жаңы-Тилек айыл аймагынын башчысы Нурбек Дөөлөталиевдин айтымында, дарыя айылдын ортосунан агып өтөт. Буга чейин дарыянын жогорку жана орто бөлүгүндө эки көпүрө болгон, бирок айылдын төмөнкү бөлүгүндөгү тургундардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн үчүнчү көпүрөнү куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Айылдык тургундар райондук жетекчиликке кайрылып, кошумча көпүрө куруп берүүнү суранышкан. Анткени кырсык учурларында жана кышкы мезгилде мектеп окуучуларынын жана калкты кыймылдатуунун кыйынчылыктар жаралган.

676 400 сом

курулуш материалдарына бөлүнүп берилген каражат

Нарын облустук өнүктүрүү фонду курулуш материалдары үчүн 676 400 сом бөлүп берди. Ал эми «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын техникасы жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өз салымы катары тартылды.

Учурда көпүрөнүн негизги иштери дээрлик аяктады. Жаңы көпүрөнүн узундугу 12 метрди, туурасы болсо 3–3,5 метрди түзөт. Ошондой эле көпүрөгө бара турган жол кайрадан төшөлүүдө.

Кырсык учурларында жана кышкы мезгилде тургундардын кыймылы, окуучулардын мектепке баруусу кыйындагандыктан, айылдыктар райондук жетекчиликке кайрылышкан. Азыркы учурда көпүрөнү куруу боюнча негизги иштер аяктады. Курулуш иштери ноябрь айынын аягында толугу менен бүтүп, объект пайдаланууга берилет.
Нурбек Дөөлөталиев, Жаңы-Тилек айыл аймагынын башчысы