Президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушууда Кыргызстандагы бардык пайдалуу кендерди мамлекет өз алдынча иштетүүнү пландап жатканын айтты.

Өткөн күндөрү «Кумтор» кени 2032-жылы токтоп калышы мүмкүн деген маалыматтар тарап, өкмөт буга жооп берди. Президентдин айтымында, ишкана токтоп калбайт жана кендеги алтын казуу иштери 2050-жылга чейин уланат.

Президентдин түшүндүрмөсүнө караганда, жакын арада «Кумтордун» Борбордук карьериндеги алтындуу кен түшүп калышы мүмкүн. Бирок бул бүтүндөй ишкананын ишин токтотууну билдирбейт.

Бул жерде учурда иштеп жаткан 100дөн ашык оор тоо-кен техникасын кийинчерээк Жетим-Тоо кенинин иштетилишине багыттоону каалайбыз.
Садыр Жапаров

Садыр Жапаров жарандарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө жана «Кумтордун» 2032-жылы токтоп калат деген билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.