Бишкек мэриясынын расмий каналынын маалыматы боюнча, борбор калаанын райондорунда жерди өзүм билем деп ээлеп алууну жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар жүрүп жатат.
Рейддер кайсы жерлерде өттү?
Текшерүүлөр шаардын бардык райондорун камтыды. Атап айтканда:
- Свердлов районунда №304 жана №305 муниципалдык аймактарда, ошондой эле МТФ-2 жана «Адилет» конуштарында
- Первомай районунда №205 муниципалдык аймагында жана «Алтын-Казык» конушунда
- Октябрь районунда №232 жана №151 контурларында
- Ленин районунда №109 МТУнун карамагындагы 546-контурдо, ошондой эле №107 МТУнун аймагындагы 105, 106, 107, 166 жана 67-контурлордо
Текшерүүнүн жыйынтыгы
Мэриянын билдирүүсүндө белгиленгендей, аталган аймактарда тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз курулуш жүргүзүү же жерди өзүм билем деп ээлеп алуу фактылары табылган жок.
Акимияттар кварталдык комитеттер, коомчулук өкүлдөрү, аксакалдар жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарандарга жерди мыйзамсыз ээлеп алуунун терс натыйжаларын жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти туруктуу түрдө түшүндүрүп келишет.
Борбор калаанын бардык райондорунда мындай рейддик иш-чаралар жума сайын өткөрүлүп турат жана алдыда да улантылат.













