Кара-Балта тургундары бир нече айдан бери өнөр жай ишканаларынын абаны булгап жатканына даттанып келишет. Шаарда түтүн, ачуу жыт жана өнөр жай калдыктары көбөйүп, тургундар ишканаларды айлана-чөйрөнү булгоодо, ал эми жооптуу органдарды көзөмөлдүн жетишсиздигинде айыптап келишкен.
Бул кырдаалдын фонунда шаар башчысы алмашты. президента Садыр Жапаровдун тескемеси менен Кара-Балта шаарынын мэри болуп Асылбек Женишбек дайындалды. Жаңы мэр бүгүн шаардын активдерине расмий тааныштырылды.
Экологиялык кырдаал сентябрда курчуй баштаган. 9-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлиги шаардагы абанын булганышы нормадан төрт эсе ашып кеткенин билдирди. Адистер негизги булгоочулардын бири катары «Азия Сталь» металлургиялык заводун аташты.
Кийинчерээк Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери заводдун эритүүчү мешин пломбалап, анын ишин токтотуу талабы менен сотко кайрылышкан.
Тургундардын даттануулары
Экологиялык маселе башка ишканаларга да тиешелүү болду. Тургундар «Джунда» нефти кайра иштетүүчү заводуна даттанып, жагымсыз жыт, ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда чара көрүүнү талап кылышкан.
Жаңы мэрдин өмүр баяны
Асылбек Женишбек 1988-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал Россиянын ФСБ академиясын аяктаган. Ар кандай жылдары УКМКда, Энергетика министрлигинде иштеген. Кара-Балтага дайындалганга чейин, 2025-жылдын 14-августунан тартып Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген.
Кадр чечими
Кара-Балта шаарынын мэри

президента Садыр Жапаровдун тескемесиБүгүн












