Бишкек шаарынын муниципалдык парковкаларында унаа токтотуучу орундарды пайдалануу учурларын фото жана видео аркылуу фиксациялоо тестирлөө режиминде башталып жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул жаңылык парковкалардын иштөөсүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана колдонуу эрежелеринин так сакталышын камсыздоо максатында киргизилген. Жаңы шарттар парковка орундарын колдонуу учурундагы бардык процесстерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Укук бузуулардын алдын алуу үчүн унаа ээлеринен жаңылыкка түшүнүү менен мамиле кылууну, аң-сезимдүү болууну жана парковка үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү суранышат.









