Бишкек шаарынын муниципалдык парковкаларында унааларды сүрөткө жана видеого тартуу системасы сыноо тартибинде иштеп жатат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бул жаңылык парковкалардын ишин ачык-айкындуу кылуу жана аларды колдонуу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн багытталган.
Мэрия айдоочуларды парковка акысын өз убагында төлөөгө чакырды жана төлөнбөгөн учурда айып пул каралгандыгын эскертти. Учурда система качан толук кандуу режимде иштеп баштайт жана айып пулдар автоматтык түрдө жазылабы же жокпу, бул тууралуу муниципалдык кызматтар тактоо берген эмес.










