Султан Боронбай көчөсүндө, Репина менен Баха көчөлөрүнүн ортосунда, бир унаа күн сайын тротуарга токтоп жүргөнүн буга чейин да жазганбыз. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок.
Окурман эми бул көрүнүшкө башкача мамиле кылууну сунуштап жатат: эксперимент жүргүзүп, УПСМнын бул бузууга канчалык тез реакция кыларын текшерүүнү каалайт.
Окурман унаа тротуарда турган сайын видео тартып жиберүүгө убада берди. Биз да аларды жарыялап турабыз, андыктан бир аз чыдамдуулук керек.
Эскерте кетсек, тротуарга унаа токтотуу — Жол кыймылы эрежелерин бузуу болуп саналат жана административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.















