Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы тогуз айында борбор шаарда 480,6 миң чарчы метр турак жай пайда болду. Бул көрсөткүч мурунку жылдын ушул убактысындагы 453,2 миң чарчы метрге караганда 6 пайызга жогору.
Шаардагы жаңы курулуштардын ичинен эң чоң үлүш Ленин районуна туура келет. Бул аймакта жаңы турак жайлардын көлөмү 262,4 миң чарчы метрди түзүп, шаардагы жалпы көрсөткүчтүн 54,6 пайызын камтыйт.
Бишкек шаарынын райондору боюнча жаңы үйлөрдүн үлүшү
- Ленин району — 262,4 чарчы метр
- Октябрь району — 106,4 чарчы метр
- Биринчи май району — 76,3 чарчы метр
- Свердлов району — 35,5 чарчы метр
Башка райондордогу көрсөткүчтөрдүн динамикасы төмөнкүдөй:
- Октябрь районунда 106,4 миң чарчы метр пайда болду (3,8% өсүш).
- Биринчи май районунда 76,3 миң чарчы метр курулду (5,4% өсүш).
- Свердлов районунда 35,5 миң чарчы метр жаңы үйлөр пайда болду (2,9% өсүш).
Өлкө боюнча жалпы пайда болгон турак жайлардын 37,3 пайызы Бишкек шаарынын үлүшүн түзөт.









