20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Америка Кошмо Штаттарынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Стивен Гилленден ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Талкуу учурунда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин карап чыгышты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.