Окуя бүгүн, 1-ноябрда, Фрунзе менен Молодая Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө болгонун Sputnik Кыргызстан тез жардам борборуна таянып билдирди.
Тез жардам борборунан билдиришкендей, кыздын канчанчы кабаттан кулаганы тактала элек. Бирок имарат 15 кабаттуу экени белгилүү.
Милиция кызматкерлери окуянын себептерин жана жагдайларын иликтеп жатышат. Окуя боюнча расмий маалымат кийинчерээк берилиши күтүлүүдө.


















