10-июлда Бишкек шаарында Абдрахманов менен Московская көчөлөрүнүн кесилишинде эпилепсия менен ооругон бир кыз катуу ысыктан улам аң-сезимин жоготту.
Окуя тууралуу күбөлөр Патрулдук милиция бөлүмүнө кабар беришкен. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кызды тез жардамга алып барышкан.
Дарыгерлердин алдын ала маалыматына караганда, кыздын абалы туруктуу, учурда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
