Бишкек шаарындагы абанын сапаты төмөн болгондугунун себептери Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында талкууланды. Абаны булгаган негизги факторлор — жылуулук үчүн көмүр колдонуу жана автоунаалардын экологияга тийгизген таасири.
Бишкек мэрисинин вице-мэри Рамиз Алиевтин билдирүүсүнө караганда, административдик-территориялык реформадан кийин шаардын курамына жаңы конуштар кошулган. Учурда шаарда жалпы 112 конуш бар, алардын 54сы газ менен камсыз болсо, калган 58 конуш дагы эле газга жеткиликсиз.
Конуштардын абалы
Унаалардын саны боюнча да олуттуу айырмачылыктар байкалууда. Шаардын жолдору 300 миң унаа үчүн эсептелген болсо, бүгүнкү күндө жолдордо болжол менен 700 миң автоунаа жүрүүдө.
Абаны тазалоо боюнча чаралар
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи орун басары Жениш Сейдалиев кабмин тарабынан көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ири шаарларга абанын сапатын өлчөй турган сегиз автоматтык станция орнотуу пландалууда. Ошондой эле ишке киргизүү үчүн мобилдик лабораториялар сатып алынган.
Автоунаалардын чыроолорун азайтуу максатында бийлик күйүүчү майдын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда. Мындан тышкары, электромобилдер кошумча нарк салыгынан бошотулган жана автокатализаторлорду алып кетүү убактылуу тыюу салынган.










