Чыңгыз Айтматовдун жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов» тасмасы талкуу жаратууда. kazakh_inform порталынын маалыматы боюнча, Россияда чыккан версияда жазуучунун атасы Торекул Айтматовдун Сталиндик репрессия учурунда атылып өлтүрүлгөн сахнасы кесилип алынган.
Мындан тышкары, Казакстанда 12-ноябрга пландаштырылган тасманын премьерасы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул чечимдин себептери азырынча ачыкталган жок.
Москвада тасма 4-ноябрда көрсөтүлгөн. Бул көрүнүш дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусунун өмүрүн чагылдырган чыгарманын тегерегиндеги чыңалууну күчөтүүдө.
Тасманын башкы ролун Болот Тентимышов аткарган. Ал эми Борис Пастернак жана анын жубайы Зинаида Нейгауз образдарын Сергей Безруков менен Равшана Куркова экранга келтиришкен.













