Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жыйынында Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген дарактарды мыйзамсыз кыюунун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул талкуу учурунда депутат Мирлан Жеенчороев Бишкектин көк жашылдандыруу маселесине тиешелүү өз сунуштарын билдирди.

Депутат башка өлкөнүн тажрыйбасын мисал келтирип, Астана шаарында көк жашылдандыруу иштерине чет өлкөдөн чакырылган адистер жооп берип жатканын белгиледи. Ал жерде климатка ылайыктуу, кышкы суукка чыдамдуу миллиондогон бак-дарактар өзгөчө тандалып отургузулат деп айтты.

Астанада көк жашылдандыруу маселелери чет өлкөдөн атайын чакырылган адистер тарабынан каралат. Астанага алардын кышкы сууктарына туруктуу болгон бак-дарактар жана көчөттөр алып келинет. Бизде болсо Түштүк магистралдагы канад клёндары гана жашап калды, калган баары куруп калды. Ошондуктан шаарды көк жашылдандырууда пайдасыз туйлардан жалбырактуу дарактардын түрлөрүнө өтүүбүз керек.
Мирлан Жеенчороев

Акыркы жылдары муниципалдык жерлерге туй өсүмдүктөрүн отургузуу көбөйгөн. Бирок экологилардын айтымында, туй сууну абдан жакшы көргөн өсүмдүк болуп саналат. Бишкектин кургак жайында бул бактарды үзгүлтүксүз сугарып туруу талап кылынат, болбосо алар жашап калууга мүмкүнчүлүгү аз.