Кыргызстандын кинематография тарыхында жаңы барак ачылды. Режиссер Руслан Акун зомби-апокалипсиси тууралуу алгачкы масштабдуу «2001» тасмасын тартып бүткөнүн билдирди.

Тасманын окуясы Аманат шаарындагы жабык аскер шаарчасында болуп өтөт. Сюжетке ылайык, белгисиз вирусдун келишинен улам эки күндүн ичинде эпидемия жайылып, аскерлер тарабынан курчоого алынган аймактан аман калуу үчүн каармандар күрөшө баштайт.

  1. 2026-жылдын август айы

    Тартуу иштери башталды

  2. 2026-жылдын сентябрь айы

    Тартуу иштери аяктады

Тартуу процессинде Эмиль Эсеналиев, Айсанат Эдигеева, Омурбек Израилов сыяктуу таанымал актерлор катышты. Тасманын премьерасы алгач Кыргызстандын көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт, андан кийин болсо Казакстан менен Өзбекстандын кинотеатрларында көрсөтүүгө чыгарылат.