2026-жылдын жай мезгили Бишкектеги «Мадина» рыногу үчүн окуяларга бай болду. Алгач анын аймагындагы бир нече кафе жабылып, андан кийин бузулган. Соңунан катуу жамгырдан кийин рынок суу басып, июль айында бийлик тарабынан реконструкциялоо жана ишкерлерди башка жерге көчүрүү пландары жарыяланган. Бирок рынокту жабуу иштери акыркы мүнөттө кечиктирилген. Август айынын аягында болсо «Мадина» рыногунда чоң өрт чыккан.

  1. 8-июнь

    Рыноктун аймагындагы сегиз кафе убактылуу жабылды

  2. 29-30-июнь

    Кафелердин имараттарын демонтаждоо жана бузуу иштери башталды

  3. Июль

    Реконструкциялоо пландары жарыяланып, рынокту жабуу кечиктирилди

  4. Августтун аягы

    Рыноктун аймагында чоң өрт чыкты

Санитардык текшерүү жана айып пулдар

8-июнь күнү Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору «Мадина» рыногунун аймагындагы сегиз кафенин иши убактылуу токтотулганын билдирген. Адистер «Райхан», «Асанбувак», «Мадина», «Атуш-1», «Атуш-2», «Чабандес», «Бистро» жана «Урумчи» кафелерин кезексиз текшерип чыгышкан.

80смыв алынды
16дары чыгармалардын пробасы
12протокол түзүлдү
142 000айып пул (сом)