Бишкек шаарындагы Айтматов проспектисинде жамгыр жааган учурда коомдук транспорттун токтотуучу жайы суу болду. Социалдык тармактарда 11-ноябрда тартылган видеолордо суунун конструкциянын ичинен агып жаткан учуру көрүнүп турат.
Суунун агып кетишине конструкциядагы кемчиликтер же курулуш учурунда кетирилген каталар себеп болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Бирок так себептери азырынча белгисиз.
Ошондой эле видеону түшүргөн адам жамгырдан коргонуу үчүн кошумча жабык павильон жарандар үчүн дагы эле жеткиликсиз бойдон турганын айтып, нааразычылык билдирди.









