Бишкек шаарынын ИИМи «Мадина» соода базарында 30-август күнү болгон өрт боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык ИИБ видеокөзөмөл камераларынын жазууларын жайылды.
Видеокамералардын кадрларында электр зымдарынын кыска тутумунун белгилери 29-август күнү кечинде эле пайда болгону көрүнүп турат. Ал эми соода контейнериндеги өрт кийинки күнү, таң эрте эле тутанган.
- 29-август, 18:38
Биринчи соода контейнери жабылган
- 29-август, 18:41
Экинчи соода контейнери жабылган
- 30-август, 08:32
Эки контейнерде тең өрт катталган
- 30-август, 08:37
Өрт боюнча кызматка билдирүү келген
- 30-август, 14:23
Өрт локализацияланды
Милициянын маалыматы боюнча, өрт эки соода контейнеринде болгон. Алар алдыаркы күнү кечинде жабылгандыктан, анда соода жүргүзүлгөн эмес. ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин алардын жанына келген же алардын жанында болгон бөтөн адамдар камерага түшпөгөн.
Өрт боюнча маалымат
Өрттүн аянты 1 миң чарчы метрден ашык болгон. Өрткө өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана муниципалдык ишканалардын суу ташуучу унаалары тартылган. Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин айтымында, базаардагы гидранттар жетиштүү суу басымын камсыз кыла алган эмес.
Эмне белгилүү
- Өрттүн электр зымдарынын кыска тутумунан болушу мүмкүн экени
Азырынча белгисиз
- Өрттүн так себебин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалган








