Бишкек шаарындагы «Кудайберген» турак жай комплексинин курулушу кайрадан активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

СторисБишкектеги «Кудайберген» комплексинин курулушу кайра башталуудаСлайддар: 6
  1. Бишкектеги «Кудайберген» комплексинин курулушу кайра башталууда
  2. Эмне өзгөрдү. Бишкекте бир нече жыл бою токтоп турган «Кудайберген» турак жай комплексинин курулуш иштери кайрадан активдүү жүрүүдө.
  3. 99 % — фирманын үлүшү Курулуш министрлигине өткөрүлүп берилди
  4. Объекттин көрсөткүчтөрү: 10 үй; 34 блок; 220 курулушчу
  5. Учурдагы иштер. Имараттарда ар кандай этаптар жүрүүдө: пайдубалдарды жасоо, катрык казуу жана кабаттарды көтөрүү иштери жүрүп жатат.
  6. Негизги максат. Министрлик курулуштун сапатын көзөмөлдөп, көп жылдан бери үй күтүп жаткан дольщикторго батирлерди өз мөөнөтүндө өткөрүп берүүнү көздөйт.

Буга чейин «Доолот Курулуш» компаниясынын объекттериндеги иштер бир нече жыл бою токтоп калган, натыйжада миңдеген дольщиктор өз батирлерин ала албай келишкен. Президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүү максатында, 2026-жылдын февраль айында фирманын үлүшүнүн 99 пайызы Курулуш министрлигине караштуу курулуш дирекциясына өткөрүлүп берилген.

1-сентябрдан тарта «Кудайберген» жана «Шопоков Эко Сити» турак жай комплекстеринин курулуш иштери кайрадан башталып, учурда курулуш-монтаждоо иштери жигердүү жүрүүдө.

Курайлуш объектисинин көрсөткүчтөрү

10үй
34блок
220курулушчу

Учурда ар бир имаратта ар кандай иштер жүрүп жатат:

  • 2-имаратда бешинчи кабатты көтөрүү иштери жүрүүдө.
  • 3-имаратта катрыкты казуу боюнча жер иштөөлөрү жүрүп жатат.
  • 5 жана 8-имараттарда эски опалубкаларды демонтаждоо жана курулушту улантууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.
  • 6, 7, 9 жана 10-имараттарда пайдубалдарды жасоо иштери башталган.

Курулуш министрлиги күн сайын иштердин сапатын, технологиялык талаптардын, курулуш ченемдеринин жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп турат. Негизги максат — курулушту сапаттуу бүтүрүү жана көп жылдан бери үй күтүп жаткан жарандарга батирлерди өткөрүп берүү.