2026-жылдын 27-ноябрында өткөн салтанаттуу аземге Октябрь районунун башчысынын орун басары Гүлнур Дорбошова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Татьяна Кузнецова, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле акындын кызы Анара Жусуева катышты.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, шаардык Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыгул Чотбаев, Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Раиса Исмаилова, жергиликтүү кварталдык комитеттердин өкүлдөрү жана окуучулардын ата-энелери чакырылган.
Музейдин экспозициясына акындын өздүк буюмдары, басып өткөн өмүр жолун чагылдырган баалуу материалдар жана анын бай адабий мурасы коюлган. Келген коноктор көргөзмөдөгү экспонаттар менен жакындан таанышып чыгышты.
Ачылыш аземи мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече менен коштолду. Анда окуучулар Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана белгилүү котормочу Сооронбай Жусуевдин ырларын көркөм окуп, анын сөздөрүнө жаралган обондуу чыгармаларды аткарышты.












