Эл аралык деңгээлдеги кыргыз скрипачысы Джумаш Дурусалиев жети жылдан кийин мекенине кайтып келип, Бишкекте чоң концерт берди. Музыкант атайын Лондондон Кыргызстанга учуп келген.
Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрында өткөн кечеде Дурусалиев чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда П. И. Чайковскийдин белгилүү чыгармаларын аткарып берди.
Артист өзүнүн мекенине кайтып келгенине болгон толкундануусун билдирди жана алдыдагы чыгармачылык пландары тууралуу айтып берди.







