Бишкек шаардык мэриясы №151 контурда жайгашкан жер участкелеринде турак жай куруу азырынча тыюу салынганын жарыялады. Бул тууралуу жер участкелеринин ээлерине өткөрүлгөн жыйында билдирилди.
Мэр Айбек Джунушалиев 11-августта жер участкелеринин ээлери менен жолугуп, курулуш маселесин чечүүгө жардам көрсөтүүнү убада кылды.
Мэриянын маалыматына караганда, №151 контурдагы жерлер азыр айыл чарба жерлери болуп эсептелет. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки жалпы планына ылайык, бул аймактар үчүн функционалдык зонолоштуруу тактала элек.
Ошол себептен бул жерлерде турак жайлардын курулушу мыйзам боюнча мүмкүн эмес. Мэрия жер участкелерин тартып алуу же мыйзамсыздык тууралуу айтылбай турганын баса белгиледи.
Мэрия функционалдык зонолоштурууну аныктоо маселесин чечип, көп кабаттуу турак жайлар курууга шарт түзүүчү сунуштарды иштеп чыгууну максат кылып жатат.
Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгына функционалдык зонолоштурууну аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды. Бул сунуштар министрлер кабинети тарабынан каралат.
Мэрия мыйзамсыз курулуштарды токтотуу үчүн жер участкелеринин ээлерин өз алдынча курулуш баштоодон алдары менен эскертти. мыйзам бузуулары катталса тиешелүү чаралар көрүлөт.
















