Футболчулардын рыноктук баасын аныктаган Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча, 2026-жылкы дүйнө чемпионатынан кийин Ламин Ямал (Испания курамасы) жана Эрлинг Холанд (Норвегия курамасы) 220 миллион еврого бааланып, жаңы рекорд орнотушту.

Алар турнирден кийин ар бири 20 миллион еврого кымбаттап, дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулар болуп калышты. Мурунку рекордсмендердин бири, франциялык чабуулчу Килиан Мбаппенин баасы 200 миллион еврону түзөт.

Футболчулардын баасы

220 млн евроЛамин Ямал
220 млн евроЭрлинг Холанд
200 млн евроКилиан Мбаппе

Баасы жогорулаган башка оюнчулар

Дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө бир катар башка футболчулардын да рыноктук баасы 100 миллион евродон ашты. Алардын арасында испаниялык Пау Кубарси жана аргентиналык Энцо Фернандес бар. Ошондой эле, англиялык Эллиотт Андерсон менен Морган Роджерс экөө тең 110 миллион еврого бааланышты.

Эллиотт Андерсон чемпионаттан кийин баасы эң көп жогорулаган оюнчу аталды – анын баасы 35 миллион еврого көбөйдү. Англиялык Жуд Беллингем менен марокколук Аюб Буаддинин баасы да 30 миллион еврого жогорулады.