Бишкек шаардык Тез жардам борборунун директору Егор Борисовдун билдиришинче, окуя бүгүн, 8-февралда, Анкара жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тез жардам унаасы сиренасын жана жаркылдаган маяктарын күйгүзүп бара жаткан
Егор Борисов, Бишкек шаардык Тез жардам борборунун директору

Тез жардам унаасы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатканда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Соккудан кийин эки унаа инерция менен Honda Inspire жана Volkswagen унааларын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматкери моюн омурткасынын байламталары чоюлуп жаракат алган. Кош бойлуу аял аман-эсен, абалы жакшы.

Бардык төрт унаа айып короого киргизилди. Учурда соттук экспертизалар дайындалып, милиция кырсыктын жагдайларын тактап жатат.