Кыргызстанда унаалардын орточо ылдамдыгын автоматтык түрдө көзөмөлдөө системасын киргизүү сунушталууда. Пилоттук долбоорду Бишкек - Иссык-Көл жолунда ишке ашыруу пландалууда.

Системанын иштөө принциби

Ички иштер министрлигинин даярдаган 2027–2030-жылдарга чейинки жол кыймылы коопсуздугу программасынын долбоору боюнча бул чара каралган. Кадимки жол камералары унаанын ылдамдыгын конкреттүү чекитте фиксациялай турган болсо, жаңы система белгиленген участогу орточо ылдамдыкты аныктай алат.

  • Бул система унаанын эки контрол чекити аркылуу өтүү убактысын эсепке алууну талап кылат.
  • Эсептелген аралык жана сарпталган убакыттын негизинде система орточо ылдамдыкты эсептей алат.