KULIKOV кондитердик үйү 13-ноябрда өзүнүн расмий Instagram баракчасы аркылуу билдирүү таратып, өндүрүштү Кыргызстандан башка өлкөлөргө которуу ниети жок экенин билдирди. Бул маалымат Forbes Kazakhstan журналынын Алматыда 5 миң чарчы метрлик өндүрүш аянтын ачуу пландары тууралуу жарыялаган маалыматынан кийин чыкты.
Биз өндүрүштү Кыргызстандан башка өлкөлөргө которбей жатабыз, тескерисинче, өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бизнести эл аралык деңгээлде өнүктүрүп жатабыз. Биз өлкөбүз менен бирге өсүп жатабыз жана аны Ата Мекенден тышкары жерде сыймык менен тааныштырабыз. KULIKOV жаңы дүкөндөрү жана өндүрүшү кайда ачылбасын, биздин тамырлар ар дайым ушул жерде болот.
Forbes Kazakhstan журналынын маалыматына ылайык, компаниянын Казакстандагы маркетинг боюнча директору Олеся Кущенкова Алматыда даяр тамактарды, таттуу эмес нан азыктарын жана кондитердик азыктарды чыгарууну кеңейтүүнү пландап жатканын айткан. Ал эми майрамдык торттөрдүн айрым түрлөрү Бишкектен Алматыга которулушу мүмкүн, бирок Алматыдагы өндүрүш азыктары Кыргызстанга да жеткирилет.
Бул маалыматтар социалдык тармактарда кыргызстандык колдонуучулардын арасында чоң талкууну жараткан. Көптөгөн жарандар өндүрүштүн башка өлкөгө өтүшү менен жумуш орундарынын жоголушунан коркугандыгын билдиришкен.









