«Саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн илимий изилдөөлөр: далилдерден саясатка жана практикага чейин» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара медициналык илимди чыңдоо жана саламаттык сактоо системасына далилдүү ыкмаларды киргизүү максатында өткөрүлдү.
КР Саламаттык сактоо министрлиги медициналык илимди өнүктүрүүгө, илимий-изилдөө потенциалын бекемдөөгө жана саламаттык сактоо системасын башкарууда далилдүү маалыматтарга таянууну өзгөчө маанилүү деп эсептейт. Тегерек столдун алкагында медициналык илимди өнүктүрүү жана изилдөө иштерин жүргүзүү маселелери каралды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, медициналык коомчулуктун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.













