Социалдык тармактарда жаш жүргүнчү менен болгон окуя видеоролик түрүндө жайылууда. Видеого ылайык, кыз жол кире акысын төлөөдө 5 сомдун жетишсиздиги үчүн автобустан чыгарылып салынган.

Бул окуя Бишкек шаарында болду деп божомолдонууда. Колдонуучулар транспорттук тармактын иштөөсүнө жана жүргүнчүлөргө болгон мамилеге нааразы болуп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен салыштырып жатышат.

Белград - баары үчүн акысыз жол кире, жарым бош автобустар убакыт менен жүрөт. Таллин - шаар тургундары үчүн акысыз жол кире, бош автобустар. Бишкек - баары акы төлөнөт, автобуска кирүүгө мүмкүн эмес, коляска менен болсо чыгарып салат, бала үчүн 5 сом үчүн чыгарып салат. Биз шаар курууда кайда туура эмес кадам таштадык??
Социалдык тармактардагы колдонуучулардын пикири