Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсүнүн жана Ой-Терскен көчөсүнүн кесилишиндеги түнкү сааттарда жол кырсыгы болду.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, саат шамасы 03:30да Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу солго бурулуп жатканда, каршы багытта келе жаткан Hyundai Sonata менен сүзүшкөн.

Унааларды айдаган эки айдоочунун экөөсү тең 20 жашта. Кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы Hyundai жүргүнчүсү башынан жаракат алып, дарыгерлердин жардамын алган.

Учурда жол кырсыгынын так себептери жана кырдаалы иликтенүүдө.