«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор шаардын коомдук транспорт токточу жайларына жол белгилерин түшүрүү иштерин аткарууда. Бул чаралар транспорт каражаттарынын токтошун тартипке келтирүү жана жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн жасалууда.

Белгилөө иштери учурунда коомдук транспорт үчүн А1, А2 жана А3 белгилери, ошондой эле таксилердин токтоо ордун көрсөткөн «Т» белгиси түшүрүлүүдө.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.