Кыргызстанда мыйзам долбоорлорун текшерүү, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу пландалууда. Мындай чаралар коомдук талкууга чыгарылган 2027-2030-жылдарга карата укуктук саясаттын концепциясынын долбоорунда камтылган.

Президенттин тиешелүү буйругунун долбоору боюнча, ченемдик укуктук актыларды даярдоо процессин — демилгени иштеп чыгуудан баштап, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан, коомдук талкуудан, кабыл алуудан жана натыйжалуулугун баалоого чейинки бардык этаптарды камтыган бирдиктүү санариптик система түзүлөт.

Документке ылайык, техникалык баалоодон жана апробациядан өткөндөн кийин, автоматташтырылган жана интеллектуалдык куралдар төмөнкү маселелерди чечүүгө колдонулушу мүмкүн:

  • мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктарды табуу
  • юридикалык техникадагы каталарды аныктоо
  • кыргыз жана орус тилдериндеги документтердин тексттериндеги шайкессиздиктер
  • типтүү коррупциялык тобокелдиктер

Бирок, жасалма интеллект юридикалык экспертизаны же кызмат адамдарынын жоопкерчилигин алмаштырбайт. Автоматташтырылган текшерүүнүн жыйынтыктарын милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу адистер тастыкташы керек.

Укуктук калькулятор

Дагы бир жаңылык — «укуктук калькуляторду» түзүү. Бул санариптик курал мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучуларга мамлекеттик органдын тиешелүү документти кабыл алууга укугу барбы же жокпу, ошондой эле жөнгө салуучу таасирди талдоо, коомдук талкуу жана милдеттүү экспертизалар талап кылынабы же жокпу, аны аныктоого жардам берет.