ШОС саммитине даярдыкка байланыштуу борбор калаадагы жашылдандыруу жана санитардык иш-чаралар активдүү жүрүп жатат. «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы бул багыттагы иштерди аткарып жатат.
Мэриядан кабарлашкандай, эл аралык «Манас» аэропортуна бара турган жол боюнда 24 миң чарчы метр аянтка газон чачылды. Бул үчүн атайын техника колдонулуп, өсүү шарттарын жакшыртуу үчүн күн сайын сугаруу жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, 16 миң чарчы метр аянтка кургакчылыктан сактоочу түңкүр челеги орнотулуп, бул топурактын нымдуулугун сактоодо жана өскөн чөптөрдүн тамырланышына жардам берүүдө.
Жалпысынан 14,2 миң чарчы метрге георешетка коюлуп, андагы чарбалык топурак менен толтурулду да, газон чөптөрү чачылды. Азырынча буга жооптуу адистер өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарып, кам көрүүдө.
Мындан тышкары, шаарда бир жылдык гүлдөрдү тигүү иштери дагы уланууда. Бул иштер Бишкекти ШОС саммитине даярдоо графигине ылайык жүргүзүлүүдө.












