Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта «Сводный пост» товарларды эсепке алуу системасы пилоттук режимде колдонууга берилет.

Жаңы тартип боюнча, импортерлор келтирип жаткан товарлар жөнүндө маалыматтарды алдын ала товарлардын каталогуна киргизип коюшу керек. Бул маалыматтар коштомо накладныйларда колдонулат.

Ведомство тарабынан түшүндүрүлгөндөй, STI-150 жана STI-151 формасындагы коштомо накладныйлардагы товарлар түз эле каталогдон тандалып алынат. Эгерде каталогда жок товарды көрсөтүү мүмкүн болбойт.

Салык төлөөчүлөр үчүн бул каталог Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеткиликтүү. Жаңы товарды кошуу үчүн бардык керектүү маалыматтарды көрсөтүү менен карточка түзүүгө өтүнмө берүү зарыл.

Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүүчү импортерлорду бардык позициялардын каталогдо бар экендигин алдын ала текшерүүгө жана зарыл болсо, аны толуктап коюуга чакырды.

  • 2027-жыл, 1-январь — «Сводный пост» системасынын пилоттук иштеши баштал same