Кыргызстанда улуттук маанидеги жаңы «ЭКСПО Кыргызстан» көргөзмө комплекси түзүлөт. Бул комплексти борбор калаа Бишкек менен Чүй облусуна жайгаштыруу пландаштырылган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул маселени колдоп, тиешелүү жарлыкка кол койду. Жаңы комплекс ири, масштабдуу иш-чараларды уюштурууга шарт түзөт.

«ЭКСПО Кыргызстан» көргөзмө комплекси инфраструктураны өнүктүрүү жана улуттук деңгээлдеги өндүрүш, билим берүү, маданият жана бизнес жаатында чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.