Долбоордун биринчи кадамы А. Токомбаева көчөсүнөн Дуйшеев көчөсүнө чейинки Малдыбаева көчөсүнүн аянтын камтыйт. Учурда шаардын градостроительство жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы бул аймактын алдын ала концепциясын иштеп чыгууда.

Курулуштун учурдагы көрсөткүчтөрү

1000метр курулган таш куюлган дубал
90пайыз даяр болгон темир тосмолор
1кургак канал аркылуу курулуп жаткан көпүрө

Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн чыккан тараптан кургак канал аркылуу көпүрө куруу иштери дээрлик аяктады. Ошондой эле жээк тилкесин коргоо үчүн керектүү темир конструкциялардын көбү даярдалган. Азыркы тапта аймакты тегиздеп, кум-шагыл аралашмасын төшөө менен бүткөн, алдыда асфальт төшөө иштери күтүлүүдө.

Бул иштердин жыйынтыгында Ала-Арча дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт. Шаардыктар жана коноктор үчүн сейилдөөгө жана эс алууга ыңгайлуу ачык аянтча пайда болот.