2023-жылдын 17-августунда Бишкек шаардык сотунда «Письмо 75» маселеси боюнча соттук карардын апелляциясы уланды. Отрум жабык режимде өткөрүлдү.

Айыл чарба министринин мурдагы милдетин аркалган жана Жогорку Кеңештин депутаты Карыпбек Асанов күбө катары сотко катышты. Ал кайрылууга кол койгонун ачыктады.

Асановдун айтымында, кайрылууну Эмиль Узакбаев ага көрсөткөн: «Социалдык тармактарда президенттин мөөнөтү аяктап баратканын же легитимдүү экенин талкуулап жатышкан. Кээ бири Конституциялык сотко кайрылуу керек дешкен.

Мен да бул маселеге кызыгып, Кыргыз Республикасынын жараны катары позициямды билдирүүнү туура көрдүм. Андыктан ушул «Письмо 75ке» кол койдум» — деди Асанов.

Ал кошумчалады, ошол кезде бул иш боюнча криминалдык иш ачылганы тууралуу билген эмес экен.

Мындан мурда Башкы прокуратура «Письмо 75» ишин караган Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык даттануу берген. Прокурорлор сотко катышуучуларды күнөөлүү деп таанууну жана 9 жылга кесүүнү суранган.