Бишкек шаардык сотунда «75 кат» иши боюнча апелляциялык даттанууну кароо отуруму 24-августта өткөн. Процесс жабык режимде жүргүзүлгөн. Айыпталуучу Бекболот Талгарбековдун сотко келбегендиги себептүү отурум кечиктирилди.
Адвокат Латыпбек Нуралимовдун билдирүүсүнө караганда, сот айыпталуучунун келбей калуу себебин ишенимдүү деп таанып, соттук отурумду 27-август күнүнө жылдырды.
Соттук отурумдун жүрүшүндө коргоо тараптын өтүнүчүн канааттандыруу менен, «75 каттын» дагы башка кол коюучулары күбө катары келди.
Иштин тарыхы
Буга чейинки чечим боюнча, июль айынын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту бардык айыпталуучуларды бийлигин күч менен ээлөөгө аракет кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан.
Сотко чыгарылган жаза боюнча, айыпталуучуларга 4 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилип, мүлкү конфискациялануу керек болчу, бирок сот бул жазаны 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырган.









