Чүй облусунун аймагында Бишкек–Ош трассасынын 29-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун УОБДДнун кызматкерлери кабарлашты.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Hyundai Sonata үлгүлүү автоунаанын айдоочусу рулдун артында уктанып калган. Натыйжада унаанын башкаруусу жоголот жана унаа жолду бөлүнткөн тосмомо урунуп кетет.
Окуянын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү жаракат алышты. Алардын абалы азырынча такталган жок.
Чүй облусунун УОБДД айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана чарчаган учурда рулга отуруудан алыс болууга чакырууда.




















