Александровка айылында 11-июлда жол кырсыгы катталды. Мерседес маркасындагы жүк ташуучу унаа Бишкек–Кара-Балта трассанын бөлүп турган тосмосуна урунуп токтоду.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар бар экени айтылууда. Учурда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуянын бардык жагдайын иликтеп жатат.












