Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу маанилүү эскертүү берди. Анын айтымында, эгерде жарандар шайлоого катышпаса, алардын бир күндүк эмгек акысы кармалып калышы ыктымал.

Тынцтык Шайназаров шайлоо күнү жумушчулар үчүн эс алуу күнү экенин баса белгиледи. Шайлоо шаршемби күнүнө туура келгендиктен, мамлекеттик кызматкерлер да, жеке сектордогу жумушчулар да ал күнү иштебеши керек. Алар шайлоо участогуна барып, добуш бергенден кийин эс алышат. Добуш бергендердин айлыгы толук сакталат, ал эми катышпагандардын бир күндүк акысы төлөнбөй калышы мүмкүн.

Шайлоо шаршемби күнү, башкача айтканда, жумуш күнүнө белгиленген. Мамлекеттик кызматтабы же жеке сектордобу, бардык кызматкерлер ал күнү иштебейт. Алар шайлоо участогуна барып, добуш бергенден кийин эс алышат. Добуш бергендердин айлыгы сакталат, ал эми добуш бербегендердин бир күндүк эмгек акысы кармалышы мүмкүн.
Тынцтык Шайназаров, БШК төрагасы

Иш берүүчүлөр өз кызматкерлеринин шайлоого катышканын же катышпаганын тактоо үчүн БШКга расмий суроо-талап жөнөтө алышат. Комиссия шайлоого катышкан жана катышпаган жарандар тууралуу маалыматты иш берүүчүлөргө берүүгө укуктуу. Ошону менен бирге, БШК төрагасы жарандардын кимге добуш бергени тууралуу маалыматтар купуя бойдон сакталарын кошумчалады.

Тынцтык Шайназаров шайлоого катышуу өтө маанилүү экенин жана добуш берүү процесси бир нече мүнөттү гана аларын айтты.