ЖерЭскерүүлөр: 5

Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунда жүк ташуучу унаа башка эки жеңил унаа менен кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу башкарууну көзөмөлдөй албай калган. Үч адам ооруканага жеткирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 13-ноябрда өлкөнүн негизги ашууларында унаа каттамы үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бирок айрым жолдордо аба ырайына байланыштуу өзгөчө режим сакталууда.

Боом капчыгайында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери пландалган. Ушуга байланыштуу 13-октябрдан 16-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.