Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, жарнамалык конструкцияларды жасалгалоодо тилдик талаптарды сактоо — бул мыйзамдын талабы гана эмес, ошондой эле борбор шаардын заманбап көрүнүшүн калыптандыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жаңы жарнамаларды орнотууда мамлекеттик тил татыктуу орунду ээлеши керек.
Жарнама үчүн негизги талаптар
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, шаардагы сырткы жарнамалар төмөнкү эрежелерге жооп бериши керек:
- Тексттер плакаттарда, стенддерде, жарыктуу таблолордо жана башка техникалык каражаттарда биринчи кезекте мамлекеттик — кыргыз тилинде жайгашып, андан кийин расмий — орус тилинде кайталанышы зарыл.
- Тексттин өлчөмү: расмий тилдеги (орус тилиндеги) тексттин шрифти мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинен кичине болушу керек. Ошондой эле орус тилиндеги текст негизги тексттин оң жагында же анын астында жайгашуусу тийиш.
- Тексттин тууралыгы: мамлекеттик тилдеги жарнамалык тексттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана орфографиялык ченемдерге шайкештиги боюнча макулдашылышы керек.
Мэрия Бишкек шаарынын ишкерлерин сырткы жарнамаларды жасалгалоодо жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана мамлекеттик тилге болгон урмат менен шаардын эстетикалык мейкиндигин калыптандырууга чакырат.
Ишкерлерге жардам берүү максатында мэрия жарнама макеттерин алдын ала макулдашууну сунуштайт. Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн адистери кыргыз тилине которуунун тууралыгын текшерип, зарыл болсо оңдоолорду киргизип, макулдашуу тууралуу тиешелүү документ даярдашат.
Алдын ала макулдашуу жарнамалык конструкцияларды жасоодо жана орнотууда каталарга жол бербөөгө, ошондой эле аларды демонтаждоо жана кайра жасоо үчүн кошумча чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Тексттерди макулдашуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына Чүй проспектиси, 360 дареги боюнча («Бирдиктүү терезе») кайрылууга болот.








